Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев имараты авариялык абалда турган Жалал-Абад шаарындагы көркөм сүрөт мектеп-интернатында болду. 30 бала убактылуу которулуп, жаңы имарат керек. Ташиев 100 орундуу заманбап мектеп-интернаттын курулушун келерки жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырды.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо жана инфраструктура көйгөйлөрүн талкуулашты. «Квадробер» субкультурасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, накталай эмес төлөмдөргө өтүүнү кеңейтүү, ошондой эле жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу зарылчылыгы тууралуу темалар көтөрүлдү. Ошондой эле аскер кызматкерлерине социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы жолдордун, көпүрөлөрдүн жана имараттардын абалы талкууланды.
Нарын облусунда жергиликтүү электр тармактар ишканасы жана Ат-Башы ГЭСи тарабынан уюштурулган өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча машыгуулар өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты өзгөчө күз-кыш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу болгон. «Ак-Кыя» көмөкчордонундагы авария жана гидроагрегаттардын иштен чыгуусу окшоштурулган. Машыгууларда өзгөчө кырдаалдарда иш-аракеттер ийгиликтүү жүргүзүлүп, кызматкерлердин өз ара аракеттенүүсү орнотулду. Келечекте мындай иш-чараларды кеңейтүү пландалууда.
Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондорунда селдердин кесепеттерин жоюу иштери аяктады, бардык автожолдор ачылды. Бирок Ысык-Көл району Григорьевка - Көл - Кашка-Суу жана Корумду - Кум-Бел жолдору убактылуу жабык, калыбына келтируу иштери жургузуудо. 18-август селдердин кесепеттерин жайуу үчун өзгөчө режим кыргызытууралуу чечим кабыл алды.