
Авазбек Атаханов Пакистандагы Кыргызстандын элчиси кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Указы менен Авазбек Койлубаевич Атаханов Пакистандагы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Ал бул кызматты 2024-жылдын сентябрынан бери аркалап келген.