“Кыргыз авиациясы Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгышы мүмкүн”
Брюсселде Кыргызстандын делегациясынын Евробиримдиктин мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы дирекциясынын жетекчилиги менен жолугушуусу өтүп, анда өлкөнүн кара тизмеден чыгуудагы жүрүшү талкууланды. Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов авиациялык коопсуздукту жана тейлөөнү жакшыртуу чаралары боюнча баяндама жасады. Европа тарап жетишилген прогрессти жогору баалап, Кыргызстан 2025-жылы EASAдан эл аралык аудитке даярдык көрүү үчүн колдоо алды.