
«Ала-Тоо Резортто» узундугу 4 км болгон канат жолунун курулушу башталды.
«Ала-Тоо Резорт» курортунун аймагында лыжа базасы үчүн канат жолдун курулушу башталды. 12 опоранын 4үнүн орду даярдалып, фундаменттердин бетондолушу башталды. Канат жолдун жалпы узундугу 4 км болуп, 2 бөлүктөн турат.

