Кыргызстан тигүү фабрикасы продукциясын Европага жеткире баштады
Бишкектеги «Basico Premium» тигүү фабрикасы уникалдуу жабдууларды колдонуу менен өндүрүштү автоматташтырууну аяктады. Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташып, фабрика экспорттук рынокко чыгып, өндүрүш көлөмүн 350 даанага жеткирди. Жаңы ишканада 200дөн ашык адам иштейт.