Тег Автоунаа

Салык кызматкерлери 4,6 млн сомдук товарлардын мыйзамсыз киргизилишине бөгөт коюшту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 4,6 млн сомдук товарларды коштоочу документтери жок мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту. Mercedes Sprinter жана Volvo автоунааларынан ар кандай товарлар табылып, унаалар айып төлөөчү жайга токтотулду.

Бишкекте бир сутка ичинде 50 айдоочу айдоочулук күбөлүксүз кармалды

Бишкекте жол коопсуздугун жогорулатуу жана жол эрежелерин бузуу алдын алуу максатында ири рейд өткөрүлүүдө. Биринчи күнү эле мас абалында айдаган 12 айдоочу, уруксатсыз тонер колдонгон 18 айдоочу, автохулигандык кылган 8 айдоочу жана айдоочулук күбөлүгү жок 50 айдоочу аныкталды. 324 автоунаа айып короого коюлду.

Нарын облусунда курулуш тармагындагы секирик: жаңы жолдор, ооруканалар, ГЭС жана инвестициялар

Нарын облусунда курулуш, жолдор жана ирригация боюнча долбоорлор 16,2 млрд сомго ишке ашырылууда. 2025-жылга чейин 136 объекттин курулушу пландалган. Ирригацияга 3,589 млрд сом бөлүнүп, 3 ГЭС курулууда. Социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн 807 млн сом бөлүнгөн.

Соцфонддун райондук бөлүмдөрүнө жаңы кызматтык автоунаалар берилди.

Бишкектеги иш-чарада Социалдык фонддун райондук башкармалыктарына 16 кызматтык автоунаа тапшырылды. Ошондой эле, социалдык коргоо кызматкерлерине ардак грамоталар жана ведомстволор аралык сыйлыктар ыйгарылды.

«Аламедин» базарында жаңы ротордук токтоочу жай иштей баштады

Бишкекте «Аламедин» базарынын аймагында 10 унаага ылайыкталган экинчи ротордук унаа токтотуучу жай ишке киргизилди. Бул жаңы технология борбордун автотоктотуучу жайларындагы орун жетишсиздигин чечүүгө жардам берет.

Чүй облусунда велосипедченин өмүрү кыйылды

Чүй облусунда велосипедчини сүзүп кеткен айдоочу кармалды. 22-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда европалык түспөлдөш адамдын сөөгү табылган. Шектүү айдоочу VOLVO унаасы менен кармалган. Тергөө жүрүүдө.