Тег автожолу

Төө-Ашуу ашуусунда кардын бийиктиги 20-25 сантиметрге жеткен

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда 20-25 см кар жаап, жайкы дөңгөлөктөгү унаалардын жүрүшү кыйындап, тыгын пайда болду. Айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу жана коопсуз аралыкты сактоо сунушталат. Жол кызматтары учурда жолду тазалоо жана жүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча иш алып барууда.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кең-Сай-автодорожный” өткөрмө бекети 15 жылдан кийин ачылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кең-Сай-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иштин жанданышы соода алакасын жакшыртат, башка өткөрмө бекеттердеги тыгындарды жоюп, өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Жаңы пункт эл аралык стандарттарга жооп берип, жарандардын жана жүктөрдүн күнү-түнү иштөөсүн камсыздайт.