Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясы БРИКСтин стартап сынагында жеңишке жетти
Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясынын мүчөсү Айдай Керимкулова Москвада өткөн БРИКСтин бизнес форумунда 50 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы долбоору менен сынакта жеңишке жетти. Сынакка 14 өлкөдөн стартаптар катышып, 26 долбоор жеңүүчү деп табылган. БРИКСтин аялдардын бизнес альянсы экономикалык өсүш үчүн кайра жаралуучу энергия булактарында аялдардын ролунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эл аралык рынокко чыгууда аларга колдоо көрсөтөт.