Юстиция министри пробация учурунда электрондук билерик кимдерге биринчи кезекте берилерин айтты
Кыргызстандагы пробация институтунда электрондук браслеттер жана көзөмөлдөө үчүн колдонмолорду колдонуу активдүү киргизилүүдө. Бул система санариптештирүүнү жогорулатып, кылмышкерлерге, айрыкча зомбулукка байланыштуу кылмыштар үчүн пробацияга алынгандарга коюлат. Жакында Нарын облусунда жашаган бир жаран электрондук браслетин бузуп, пробация системасын бир нече жолу бузганы үчүн кайра камакка алынган. Министр Аяз Баетов пробациялык көзөмөлдүн күчтөнгөнүн белгиледи.