Дин боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Түркия элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик менен жолугушту. Диний чөйрөдө кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланып, учурдагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү зарылчылыгы айтылды.