Азим Ройго козголгон кылмыш иши мамлекетке 13 миллион доллар төлөп, жабылган
Буга чейин издөөдө жүргөн Азим Рой кылмыштын далилдери жок болгондуктан кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Кыймылсыз мүлкүн кошкондо мамлекетке 13 миллион долларга жакын акча төлөгөн. Прокуратура иштин токтотулушун мыйзамдуу деп тапты.