
Кыргызстан менен «Газпром» газ жеткирүүнү көбөйтүү тууралуу келишимге келишти
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Санкт-Петербургта өткөн XIV Эл аралык газ форумуна катышып, "Газпром" жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушту. Жолугушууда газ жеткирүү, газ инфраструктурасын өнүктүрүү жана инвестицияларды көбөйтүү маселелери талкууланды.








