Тег бөлмөлүү

ГКНБ КР төрагасы Чүй облусунун тургунуна үч бөлмөлүү үй тапшырды

2025-жылдын 18-октябрында ГКНБнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылынын тургуну Мирбек Кадыралиевге үч бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды. Кадыралиев 2024-жылы кырсыкка кабылып, бир колун жоготкон. Ал социалдык тармактар аркылуу жардам сураган соң, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаңы үй курулуп, тапшырылды.

Айтышта 225 жылдык мааракеде баш байгени Чыңгызхан Кожошев жеңип алды.

Алай районундагы Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык акындардын айтышынын финалы өттү. Чынгызхан Кожошев жеңүүчү деп табылып, Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир утуп алды.

Камчыбек Ташиев алты балалуу энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды.

Камчыбек Ташиев 29 жаштагы алты баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Болотбекова мүмкүнчүлүгү чектелген балдары менен туруктуу жашоо шартын табуу үчүн жардам сураган.