Бишкекте метамфетаминди Пакистандан Ооганстан жана Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга алып өтүү менен алектенген эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгү токтотулду. Чет элдик жаран 300 миллион сомдук 67,615 кг баңги заты менен кармалды. Кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын издөө иштери уланууда.
Бишкекте курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган деп шектелген эки адам кармалды. Унааны тинтүү учурунда үй буюмдарынын арасынан катылган 560 даана ок жана граната табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Кыргызстанда 2024-жылдын январь-август айларында 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кылмыштуулук 14,8%га азайган. Оор кылмыштардын жана адамга каршы кылмыштардын саны азайса, алдамчылык фактылары 4,2%га өскөн. Кылмыштардын басымдуу бөлүгү мүлккө байланыштуу, кол салуу жана уурулук азайганы байкалган.
Бишкекте «Салам мектеп!» программасынын алкагында Жогорку класстын окуучулары үчүн баңги заттардын зыяндуулугу тууралуу лекциялар окулат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө жоопкерчиликке басым жасоо менен жаштарга баңгичиликтин алдын алуу чараларын жана укуктук аспектилерин үйрөтүшүүдө.
Баткенде Орусияга баңгизат ташып келген баңги-кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүнө таандык 9 кг гашиш алынды. Бөлүштүрүү каналдарын жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Чолпон-Атада Түрк мамлекеттери уюмунун Ички иштер министрлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда кылмыштуулук, адам сатуу жана баңги кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин башчысы биримдиктин жана коопсуздуктун маанилүүлүгүнө, ошондой эле бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгына токтолду. Экинчи жолугушуу 2025-жылы Азербайжанда өтөт.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаровго эл аралык уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо иши боюнча издөө жарыяланган. Тергөөдө анын криминалдык лидер, «Салимбай байвоча» каймана аты менен таанымал С.Абдувалиев менен байланышы аныкталган. Айдаров криминалдык элементтерге колдоо көрсөтүп, анын артынан Интерпол аркылуу камакка алынып, издөө жарыяланган.
13-август, Болгариянын укук коргоо органы Кыргызстандан келген жуктон 436 килограмм героин табышкан. Жук Бургас портуна келип, Греция жөнөп жаткан. Узак убакыт портто турган жук шектуу болуп, рентген текшеусу героинди аныктаган. Учурда эч ким кармала элек, Кыргызстандагы укк коргоо органдары бул иш боюнча териштируу жургузудо.