Тег баалоо

ОТГ өлкөлөрүнүн министрлери технология жана өнөр жай тармагындагы жаңы аракеттер планын макулдашышты

Бакыт Сыдыков 24-октябрда Бакуда өткөн ОТГнын министрлеринин жолугушуусуна катышты. Жыйындын жыйынтыгында 2025-2026-жылдарга өнөр жай, илим, технология жана инновация боюнча кызматташуу планы жаңыланды.

Кыргызстандын Улуттук банкынын кирешеси 13 эсеге өстү

Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча таза кирешеси 33,2 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 эсеге өскөнү тууралуу билдирди. Валюта активдери жана алтынды кайра баалоо кирешенин өсүшүнө негизги салым кошту, бул багыттар боюнча резервдер үч эсеге өсүп, 182 млрд сомго жетти. Улуттук банктын финансылык абалы олуттуу түрдө бекемделди. Жалпы капитал 227,9 млрд сомду түздү, ал эми активдер жана милдеттенмелердин жалпы көлөмү 798 млрд сомдон ашты. 2025-жылдын III кварталынын аягында жүгүртүүдөгү банкнот жана тыйындардын көлөмү 290 млрд сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 55 млрд сомго көп.

Чүй облусунда мамлекетке 244 миллион сомдук объекттер кайтарылды

Сокулук районундагы социалдык инфраструктура объекттери мыйзамсыз менчиктештирүүдөн кийин мамлекетке кайтарылды. "Шопоков" кооперативинин төрагасы З.У. кармалып, 243,59 млн сомдук объекттер айыл өкмөтүнө өткөрүлдү.

Борбордук Азиянын салык кызматкерлери CRM жаатында кызматташууну чыңдашууда

Бишкекте өткөн семинарда CRM башкарууну жакшыртуу, салыктык администрлөө жана маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу талкууланды. Эл аралык жана мамлекеттик өкүлдөр катышкан иш-чарада салыктык тартипти жана ишенимди жогорулатуу үчүн заманбап инструменттер сунушталды.

Айыл чарба министрлиги жайыттарды пайдалануу эрежелерин жаңыртууну пландаштырууда

Кыргыз Республикасынын жайыттарын башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Документ жайыттарды натыйжалуу башкаруу, экологиялык абалды жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.

KOICA Кыргызстанда айыл чарба жаныбарлары боюнча генетикалык изилдөө борборун түзүүнү колдойт

22-октябрда Фрунзе айылында Кыргызстандын мал чарба институтунда геномдук баалоо боюнча тренинг-борбордун курулушуна капсула коюлат. Бул борбор айыл чарба илимин өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, Кыргызстан менен Кореянын кызматташуусун бекемдейт.

Арина Ниязбекова: Йога — бул жан менен дененин байланышы, жөн гана физикалык чыдамкайлык эмес.

Хатха-йога боюнча инструктор Арина Ниязбекова Индиядагы эл аралык билим берүү программасына катышып, руханий практикалардын дене жана акыл ортосундагы гармонияны кантип табууга жардам берери жөнүндө айтып берди.

Кыргызстанда 91 имаратка сейсмостойлук боюнча техникалык корутунду берилди

Сентябрда Кыргызстанда 91 техникалык корутунду жана 9 атайын техникалык шарт иштелип чыкты, булар имараттардын сейсмостойлугун аныктап, коопсуздук талаптарына ылайык келерин тастыктайт.

Психолог: Зомбулук ур-токмоктон эмес, психологиялык басымдан башталат

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук олуттуу социалдык көйгөйгө айланды. Коомдук басым жана эмоционалдык интеллекттин төмөн деңгээли аялдарды жардам издөөгө тоскоол кылат. Психолог Гульнара Малабаева зомбулукка каршы күрөшүүдө үн катпай калбоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Кыргыз тили күнү: «Кыргызтест» мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кандай жардам берет?

«Кыргызтест» 2018-жылдан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп, 18 миңдей жаранды тестирлөөдөн өткөрдү. Онлайн тестирлөө системасын түзүп, мобилдик тиркемелерди иштеп чыкты.