Тег баанын көтөрүлүшү

Парламент министрлер кабинетин эттин баасынын кескин кымбатташына көңүл бурууга чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында маянаны накталай эмес төлөмгө өткөрүү, мопеддерди жөнгө салуу, эттин баасынын көтөрүлүшү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо сыяктуу маанилүү социалдык-экономикалык маселелер каралды. Ошондой эле депутаттар газдаштыруу темасын көтөрүп, чоң аймактарда МАИ кызматкерлеринин жоктугун айтышты.