“Ооганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык жардам көрсөтүлдү”
Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жетектеген гуманитардык миссия этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү менен Ооганстандын Бадахшан шаарына медициналык жана ветеринардык буюмдарды жеткирди. Дарыгерлер тарабынан 755 жаранга жардам көрсөтүлүп, жергиликтүү тургундарга ооруларды аныктоо жана ветеринардык дарыларды колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү.