Тег багуу

Кыргызстанда улгайган ата-энелерди кароодон качкандар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар ата-энелердин жана бойго жеткен балдардын алимент төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн жазаны катаалдаткан мыйзам долбоорун кабыл алышты. Ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөштү жакшыртуу жана жарандардын укуктарын коргоо үчүн Жазык-процесстик кодексти оптималдаштыруу боюнча мыйзам долбоору жактырылды.