Тег бай

Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциялары Алматы жана Астанадагы супермаркеттерде сатылат

INTERFOOD супермаркеттер тармагы кыргызстандык өндүрүүчүлөр, анын ичинде Shoro жана Attila Organic Foods менен келишим түзүүнү пландаштырууда. Алматыдагы жолугушууда продукциянын сапаты жана жеткирүү көлөмү талкууланып, узак мөөнөттүү кызматташуу ниетин ырастады.

Кыргызстанда мөмөлүү бактарды жайлоолорго отургузуу сунушталууда

Кыргызстанда эски мөмө-жемиш бактарын кайра калыбына келтирүүгө жана кароосуз калган аймактарга кирешелүү сортторду киргизүүгө багытталган “Тамарка” долбоору башталып жатат. Максаты – үй чарбаларына туруктуу киреше түзүү жана заманбап тамчылатып сугаруу системасын киргизүү. 2025-жылдын жазында долбоор пилоттук режимде ишке ашырыла баштайт, андан кийин өлкөнүн ар бир аймагында 100 үй-бүлө камтылат.