
Бишкекте муниципалдык менчикке дарыкананын жайы кайтарылды
Бишкек шаарындагы жер пайдалануу башкармалыгы Боконбаева көчөсүндөгү 144Б дарегиндеги 35 чарчы метрлик дарыкананы муниципалдык менчикке кайтарды. Мындан тышкары, 100 чарчы метрлик жер тилкеси да муниципалдык менчикке өттү. Мурда жеке ишкердин колунда болгон мүлк, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында өз ыктыяры менен шаарга кайтарылды.

