Тег бак-дарактарды отургузуу

Бишкек-Торугарт унаа жолунун боюна бак-дарактар отургузулду (фото)

Бишкекте “Жашыл Мурас” программасынын алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюна 400 түп тал көчөттөрүн жана 660 түп теректин көчөттөрүн отургузуу акциясы өттү. Өкмөт тарабынан колдоого алынган иш-чара айлана-чөйрөнү жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, ошону менен өлкөнүн дени сак экосистемасынын жана экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.