Таласта эки жаңы каналдын курулушу аяктады
Бакай-Ата районунда Кызыл-Жар жана Жалпактил сугат каналдарын реабилитациялоо аяктап, 15694 га жердин сугаты жакшырып, айыл чарба өсүмдүктөрүн суу менен камсыздоо камсыз кылынды. Оңдоо, бетондоо, тазалоо иштери жүргүзүлүп, өлчөөчү станциялар, көпүрөлөр курулган.