
Токтогулда 750 орундуу мектеп, оорукана жана балдар бакчасы курулат.
Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогулда социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор менен таанышып, мектеп, бала бакча жана оорукана курулуштарынын жүрүшү тууралуу маалымат алды. Ал ошондой эле ички жолдорду реконструкциялоо долбоорун карап чыгып, жетекчилерге тапшырмаларды берди.








