Тег бакчасы

«Ак-Орго» турак-жай массивинде 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы "Ак-Орго" конушунда 100 балага ылайыкталган эки кабаттуу бала бакча куруп жатат. Бакчада заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген эвакуациялык чыгуу жолдору каралган.

Базар-Коргон районунун 1-Май айылында бала бакчанын курулушу аяктады.

Базар-Коргон районунун 1-Май айылында 50 орундуу заманбап эки кабаттуу бала бакча курулуп, жакын арада пайдаланууга берилет. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 34 млн сомду түзгөн.

Нарын облусунун Ак-Тал айылында жаңы мектеп жана бала бакча курулууда

Бишкек, 29.07.25. Ак-Тал айылында заманбап бала бакча жана А. Турдакунов атындагы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоорлор республикалык бюджеттен каржыланып, жыл аягына чейин пайдаланууга берилет.

Камчыбек Ташиев Сузак районунун тургунуна жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды.

Камчыбек Ташиев, заместитель председателя кабинета министров, вручил ключи от нового дома жителю села Боз-Чычкан, Абдували Анапияеву. Дом был построен за 33 дня. Ташиев также пообещал решить проблему отсутствия детского сада в селе.

Эдиль Байсалов Нарын облусундагы бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышты

Бишкек, 18.07.25 /Кабар/. Нарын облусуна иш сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Жумгал районундагы бир катар социалдык объектилерди зыярат кылды. Ал Байзак айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышып, курулуш иштеринин сапаты жана мөөнөттөрүн сактоо зарылдыгын белгиледи. Андан соң, ал ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды колдогон «Нур-Булак» үй-бүлөлүк тибиндеги мекемеге барды жана Жумгал музыкалык-драма театрынын имаратын көрүп чыкты. Байсалов социалдык инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи. Сапардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү министрликтерге бир катар тапшырмалар берилди.