Бакыт Торобаев ветеринардык диагностика борборуна барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышып, экспортко багытталган мал чарба продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоого көңүл бурду. Борбордун лабораториялык базасы эл аралык стандарттарга жооп берет, бул ар кандай татаал изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик колдоонун аркасында борбордун бюджети көбөйүп, жабдуулар модернизацияланып, адистердин квалификациясы жогорулады. Ветеринардык инфраструктураны өнүктүрүү эпизоотикалык жыргалчылык, азык-түлүк коопсуздугу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн маанилүү.