Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жаңы жылдык балаты орнотула баштады. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери темир каркасын орнотуу иштерин бүтүрүп, жасалгалоо иштерин баштады.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр болгон башкы жаңы жылдык балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Орнотуу 25 күнгө жакын убакытты алып, «Тазалык» жана «Бишкексвет» ишканаларынын адистери иш алып барууда.