Кыргызстанда Социалдык контракт программасынын катышуучулары бизнести ар түрдүү тармактарда активдүү өнүктүрүүдө: 69,6% айыл чарбасында, 13,1% өндүрүштө, 7% соодада, 6,8% кызмат көрсөтүүдө. Үч жылдын ичинде программага 32 миңден ашык үй-бүлө катышты.
Кыргызстандык балчылар делегациясы Наманганда өтүп жаткан III Эл аралык бал фестивалына катышып, Өзбекстандагы балчылыктын өнүгүшү менен таанышып, бал азыктарынын көргөзмөсүнө катышууда. Кыргызстандык балчылар B2B жолугушууларын өткөрүп, кызматташуу жана тармактын келечегин талкуулашууда.
Бишкекте Кореянын KOIMA импортерлор ассоциациясы менен B2B форматындагы жолугушуу болуп, анда ата мекендик ишкерлер сүт өнөр жайы, текстиль жана шарап өндүрүү тармагында өз продукцияларын көрсөтүштү. KOIMA төрагасы Кыргызстандан кимчи үчүн капуста алып келүүгө кызыкдар экенин билдирди. Делегация ошондой эле жергиликтүү ишканаларды кыдырып, өндүрүш процесстери менен таанышат.
Кыргызстанда социалдык контракттын ийгиликтүү катышуучулары бизнести өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыя алышат. Жаңылай Биримкулова, Максат Камчыбеков жана Гүлбарчын Мунарбек кызы өңдүү жашоочулар буга чейин жеке ишканаларын ачып, жумуш орундарын түзүп, кирешенин көбөйүшүнө өбөлгө болууда.