Тег балет

Опера жана балет театрында Сталбек Алмасбековду эскерүү кечеси

19-сентябрда Бишкекте КРнын Эл артисти Сталбек Алмасбековдун урматына музыкалык кече өтөт. Программада опера ырчылары жана студенттер, ошондой эле Казак консерваториясынан келген коноктор катышат. Иш-чара таланттуу тенордун жаркын элесине арналган дүйнөлүк жана улуттук классиканын чыгармаларын аткарууну жана чын ыкластуу атмосфераны убада кылат.

Кыргыз опера жана балет театрынын жаңы сезону “Эне талаасы” спектакли менен ачылат.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 22-сентябрда 82-сезонун композитор Калый Молдобасановдун “Эне талаасы” балет-ораториясынын спектакли менен ачат. Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде жазылган бул чыгарма кыргыз элинин музыкалык салтын, руханий байлыгын чагылдырат. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон балет согушта уй-булосун жоготкон Толгонай аялдын кайгылуу тагдыры женунде баяндайт, республикада да, чет елкелерде да ийгиликтуу коюлган.

Бишкекте Опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин жана солисттеринин ачык асман алдындагы концерти өтөт.

13-сентябрда Бишкекте опера солисттеринин жана Кыргыз опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин концерти болот. Программада дүйнөлүк опера классикасы жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары бар. Кирүү акысыз.

Элмира Кабатай кызы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болду

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Элмира Кабатай кызы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамын алды. Ал классикалык балеттеги мыкты ролдору менен таанылган жана башкы сахна чебери.