2024-жылдын 10 айында Кыргызстан сүт азыктарын экспорттоону 28 533,8 тоннага чейин көбөйттү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 064,1 тоннага көп. Негизги азыктар: балмуздак, май жана сыр.
Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстанда балмуздак өндүрүүнүн көлөмү эки эсеге өсүп, 10 миң 824 тоннага жеткен. Негизги экспорттук багыттар Казакстан, Өзбекстан жана Россия бойдон калууда, ал эми импорт 2788 тоннадан 1969 тоннага чейин азайган.
2024-жылдын тогуз айында Кыргызстандан сыр, шор жана сары майды кошкондо 26101,5 тонна сүт азыктары экспорттолсо, импорт 13274,4 тоннаны түзүп, быштак жана балмуздак басымдуулук кылган.