
Бообек Ажикеев Швейцариянын элчисине кырсыктарды азайтууга кошкон салымы үчүн медаль тапшырды
Бишкек, 11.06.25 /Кабар/. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен анын дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу жолугушуу өткөрдү. Ажикеев Бангертердин кырсыктарды азайтуудагы жеке салымын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуда көрсөткөн жардамы үчүн жогору баалады. Элчи Оливье Бангертер өзүнүн дипломатиялык миссиясын ишке ашыруудагы колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди. Жолугушуунун соңунда Бообек Ажикеев Швейцариянын элчисин «Аскердик-граждандык кызматташууну чыңдоодо» медалы менен сыйлады.