Тег Бавария

Акылбек Жапаров менен Бавариянын премьер-министри кызматташуунун келечегин талкуулашты

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Мюнхенге болгон жумушчу сапарынын алкагында Бавариянын Премьер-министри Маркус Зёдер менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык кызматташуу, билим берүү жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүү маселелерин талкуулады. Эки лидер тең соода-экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.