Тег бажы сектору

Мамлекеттик бажы кызматында Чехия менен бажы тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды

Бишкекте Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов менен Чехиянын элчиси Павол Шепелактын жолугушуусу болуп, анда бажы башкаруусу жана өлкөлөр ортосундагы сооданы жеңилдетүү жаатында эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Шепеляк Чехия Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экенин белгиледи.