
Берлинде Бекбалаевдин «Аттила» китебинин немис тилиндеги бет ачары болду.
Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде профессор Амангелди Бекбалаевдин "Аттила" китебинин немис тилиндеги бет ачары өттү. Ал гунндардын тарыхтагы ордун жана кыргыз, гунн тилдеринин окшоштугун белгиледи. Иш-чарага элчи Омурбек Текебаев, Араван районунун акими жана башка өкүлдөр катышты.