Тег Белгисиз солдаттын күмбөзү

Акылбек Жапаров Орусиядагы расмий сапарын аяктады

Акылбек Жапаровдун Москвадагы иш сапары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышы менен аяктады. Программада маданий иш-чаралар, музейлерге баруу жана орус өкмөтү менен биргелешкен жолугушуу болуп, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, эскеришти

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында «Александр» бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, курман болгон жоокерлерди бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди. Мемориал 1967-жылы ачылган.