Садыр Жапаров Австриянын президенти Александр Ван Дер Беллен менен жолугушту
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында Александр Ван Дер Беллен менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соода, энергетика, туризм жана экология тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жапаров австриялык инвестицияларды жана технологияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле гидроэнергетика жана туризм боюнча биргелешкен долбоорлорду сунуштады.