“Адылбек Касымалиев: Дүйнөлүк банк биздин негизги өнөктөшүбүз”
Вашингтондо Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев менен Дүйнөлүк банктын башкаруучу директору Анна Бьерденин жолугушуусу болду. Анда негизги маселелер, анын ичинде аймактын энергетикалык коопсуздугун жана экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү долбоор болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу маселеси талкууланды. Бьерде Кыргызстандын реформалардагы ийгиликтерин белгилеп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга умтулуусун Дүйнөлүк банктын колдоосун ырастады.