«Кепилдик фонду жыл башынан бери ишкерлерге 2,4 млрд сомдук 2,5 миң кепилдик берди»
2024-жылдын тогуз айында «Кепилдик фонду» ААК 2,4 миллиард сомдон ашык суммага 2,5 миң кепилдик берип, ата мекендик бизнеске 6,8 миллиард сомдон ашык кредит алууга мүмкүнчүлүк түздү. 2016-жылдан бери фонд тарабынан 10 миллиард сомдон ашык суммага 10,6 миңден ашык кепилдик берилип, экономикага 32 миллиард сомдон ашык каражат тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Региондордогу, өзгөчө айыл чарба жана экспорттук-импорттук секторлордогу ишкерлерди колдоо артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.