Эмгек министрлиги: Ошто сабалды делген беш жашар бала үй-бүлөсүнөн чыгарылды
Бишкекте Ошто беш жашар балага зордук-зомбулук көрсөтүлүшү мүмкүн деген видео жарыялангандан кийин иликтөө иштери башталды. Баланын апасы аны тамаша үчүн гана урушканын айтууда. Фактыны тактоо үчүн экспертиза дайындалып, бала реабилитациялык борборго жайгаштырылды.