Тег Бета

Бишкек мэриясы жолдорду оңдоону үзгүлтүккө учураткан компанияны кара тизмеге киргизди.

Бишкек мэриясы "Бета Групп" компаниясын муниципалдык контракттарды аткарбагандыгы үчүн кара тизмеге киргизди. Компания 18 объектте жолдорду оңдоону убада кылган, бирок болгону үчөөндө гана ишти бүтүрдү. Калган объекттерде иштер башталбаган же кемчиликтер менен аткарылган. Мэрия чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн мыйзам чегиндеги чараларды көрүүгө ниеттенүүдө.