
Бишкектеги бездомдор үчүн убактылуу башпаанектер күз-кыш мезгилине даяр
Бишкек шаарында күз-кыш мезгилинде бейжай адамдар үчүн убактылуу пансионаттар иштей баштады. Октябрь районунда 80 адамга ылайыктуу пансионат ачылып, медициналык жардам жана тамак-аш берилет. Ал эми Первомай районундагы «Коломто» мекемеси күн сайын 70-100 адамга жардам көрсөтөт. Ленин районунда аялдар менен балдар үчүн 45 орундуу пансионат бар. Жардамга муктаждар 102 же 103 номерлерине чалып, жардам ала алышат.

