Бишкекте билим берүү мекемелеринде балдардын укугун коргоо акциясы башталды
Бишкекте Балдардын укуктары боюнча комиссары менен Профсоюздар федерациясы тарабынан уюштурулган балдардын укуктарын коргоо боюнча маалымат кампаниясы башталды. Иш-чаралар балдарды эксплуатациялоонун алдын алууга жана алардын эмгек укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Акциянын алкагында Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларын камтыган мектептерде жана колледждерде интерактивдүү жолугушуулар өткөрүлүүдө. Кампания ошондой эле Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк демилгеси менен байланыштуу.