Улан Ниязбеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысына жол коопсуздугун алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды
Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн жыйында кемчиликтерди жоюуга басым жасап, жарандарга активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын айтып, жол коопсуздугун камсыздоо чараларын талкуулады. Ал жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн жергиликтүү бийлик менен билим берүү мекемелерин биргелешип аракеттенүүгө чакырды.