Тег билим берүү технологиялары

Бишкектин окуучулары Азербайжанда өткөн SAF 2024 эл аралык фестивалында алтын жеңип алышты

Бишкектин №20 мектебинин командасы биринчи жолу Азербайжанда өткөн эл аралык SAF 2024 фестивалына катышып, эки экологиялык долбоорду тартуулашты. Алардын бири көмүр мешинин морунун чыпкасына арналган «Жашыл демилгелер» номинациясында биринчи орунду алса, дарыянын булганышы боюнча экинчи долбоор кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду. Фестивал дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн катышуучулардын башын бириктирип, экология жана туруктуу өнүгүү жаатында тажрыйба жана идеяларды алмашуу аянтчасы болуп калды.

Ош шаарында мугалимдер үчүн окутуунун заманбап усулдары боюнча курстар башталды

Ош билим берүү институтунда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары ачылып, заманбап технологияларга жана инновациялык усулдарга басым жасалды. Программада мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн жасалма интеллект, сингапурдук ыкмалар жана Алтын Казык методологиясын изилдөө камтылган.