Тег билимге инвестиция

Сокулукта «Ак-Шоола» бала бакчасы иштей баштады

Сокулук айылында заманбап талаптарды эске алуу менен курулган 180 орундуу “Ак-Шоола” жаңы бала бакчасы ачылды. Ачылыш президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү. Курулушка 30 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, Чүй облусун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктын каражаты да тартылган. Жаңы бакча аймактын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча масштабдуу программанын бир бөлүгү болуп калды; 2024-жылы 43 социалдык объект пайдаланууга берилди.

Эл аралык донорлор билим берүүнү өнүктүрүүгө 75 миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Кыргызстанга “Коопсуз билим берүү чөйрөсү” долбооруна 75 миллион доллар бөлө турган эл аралык донорлор менен жолугушту. Анын 60 миллион доллары насыя, 15 миллион доллары грант. Каражат Кембридж университети менен бирге заманбап мектептерди курууга жана окуу китептерин басып чыгарууга жумшалат. Маткеримов колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өнүгүшү үчүн билим берүү тармагына инвестициянын маанилүүлүгүн белгиледи.