Тег биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо

Кыргызстан булганууну азайтуу программаларына 11 миллиард доллар тартууну пландоодо.

Бакуда өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 29-конференциясында Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоо министри Медер Машиев экосистемаларды коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча улуттук демилгелер тууралуу айтып, өлкөнүн климат боюнча милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн эл аралык кызматташтыктын жана каржылоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Кыргызстан эмиссияны кыскартуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо программаларына 11 миллиард доллар чогултууну көздөп жатат.