Сиань шаарында өткөн бизнес форумда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 50 миллион долларлык келишимдерге кол коюлду
Сиань шаарында соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган кыргыз-кытай бизнес форуму өттү. 200дөн ашык делегат ар түрдүү тармактардагы долбоорлорду талкуулап, “Бир алкак, бир жол” демилгесин илгерилетүү боюнча 50 миллион доллардан ашык 10 келишимге кол коюшту.