Тег Бириккен Улуттар Уюму

Акылбек Жапаров: 2023-жылы орточо айлык 415 долларга жеткен

2023-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети эки жылда 2,5 эсеге көбөйүп, 577,2 млрд сомду түздү. Салык жана бажы төлөмдөрү кыйла өстү. 2024-жылы ИДПнын өсүшү 9,2%ды түзөрү күтүлүүдө, калктын кирешелеринин жана эмгек акыларынын деңгээли да байкаларлык өстү.

Санариптик технологиялар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын өзгөртүп жатат – Ливиу Ведраско

Кыргызстанда БУУнун жана эл аралык өнөктөштөрдүн демилгеси менен жаңы санариптик саламаттыкты сактоо программасы ишке кирди. Долбоор санариптик системаларды интеграциялоо аркылуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган, бул өзгөчө айыл жеринин тургундары үчүн маанилүү. Алдыңкы эксперттер телемедицина медициналык жардамга чейинки аралыкты кыскартууга, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы министрликтердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга жардам берерин баса белгилешет.