Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Данияр Амангельдиев Венгрияга иш сапары менен барып, Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту. Алар Европа Биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты, анын ичинде санкциялык маселелерди талкуулашты. Кыргызстан экономикалык өнүгүүнү улантууну каалаарын билдирип, ЕБ мүчө мамлекеттери менен санкциялык маселелер боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин айтты. Тараптар саясий диалогдун бекемделишин, соода-экономикалык байланыштардын кеңейишин жана инвестициялык өнөктөштүктүн өнүгүшүн белгилешти.