Жаратылыш ресурстары министрлигинде ядролук коопсуздук чөйрөсүндө иш-аракеттердин улуттук планын түзүү боюнча семинар
Бишкекте Жаратылыш ресурстар министрлиги уюштурган Химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча семинар өттү. Катышуучулар, анын ичинде Евробиримдиктин эксперттери, тобокелдиктерди азайтуу жана ведомстволор ортосундагы координацияны жакшыртуу боюнча чараларды талкуулашты.