Бишкекте Манас проспектисиндеги көпүрөнүн астынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өз жанын кыйышы мүмкүн болгон. Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.
Бишкекте жаранды мыйзамсыз кармап, кыйноого алган ГОМ-5 РИИБдин ыкчам кызматкерлери кармалды. Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун денесинен жаракат бар экенин тастыктаган. Окуяга тиешеси бар башкаларды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Бишкектин ГУВДсынын кызматкери мыйзамсыз турдо 2010-жылкы Lexus RX-350 унаасынан камакты алып салган. Бул факт 1-Май райондук прокуратурасынын текшеруусунде аныкталды. Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергєє зїрїп жатат.